Чолпон-Атада өтүп жаткан "Рух санат" фестивалына 30дан ашуун өлкө өкүлү катышууда

Фестиваль Ысык-Көл жээгинде өтүп жатат.

Чолпон-Ата шаарында 1-3-август күндөрү "Рух санат" дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы өтүп жатат. "Рух ордо" борборунда уюштурулган фестивалга, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, 30дан ашуун өлкөдөн келген 100дөй аткаруучу, изилдөөчү жана эксперттер катышууда.

Министрлик бул иш-чаранын максаты дүйнөлүк маданий мурастын байлыгын көрсөтүү жана глобалдык маданий диалогду чыңдоо экенин кабарлап, “Рух санат” мурдагы салттуу музыка жумалыгынан эл аралык деңгээлге чыккан долбоор болуп эсептелерин, ал дүйнөнүн булуң-бурчунан салттуу аткаруучуларды, дастанчыларды, кол өнөрчүлөрдү жана маданий ишмерлерди бириктирип келгенин белгиледи.

Фестиваль алкагында концерттер, мастер-класстар жана илимий жолугушуулар өтүүдө.

Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, "дүйнө элдеринин экономикасы жана маданияты улам барган сайын жуурулушуп жаткан учурда бабалардын добушу биздин доорго чейин жеткендей шарт түзүү керектигин" айтты. (RK)

Дагы караңыз

Путин Украина менен жүргүзүлүп келаткан сүйлөшүүлөр тууралуу пикирин айттыАлты өлкө биргелешип Газага гумжардам жеткириштиАКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза мөөнөтү боюнча эскертме маалымат жарыялады"Чыгармачылык аял-эркек деп бөлбөйт". Манастын айкелинен чыккан талкуу