Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен өткөрүлүп келаткан сүйлөшүүлөрдү "жалпысынан оң баалай турганын" билдирди. Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын койгон шарты тууралуу эч нерсе айткан жок.
1-августта Валаам аралында Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен жолугушуу учурунда ал орус аскерлеринин Киевге жасаган кезектеги кандуу соккусу тууралуу да эч нерсе деген жок.
Стамбулда бир нече жолу уюштурулган украин-орус делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу Путин:
"Жүздөгөн адамдын мекенине кайтканын оң баалабай коюу мүмкүн эмес. Гуманитардык ниет менен биз каза болгон миңдеген украин аскеринин сөөгүн өткөрүп бердик, бир нече ондогон өзүбүздүкүлөрдү кайтарып алдык", - деди.
Путин сүйлөшүүлөрдөн көңүл калуу "ашкере үмүттөнүп алган" учурда жараларын айтты.
Украин президенти Орусияга "улам бир билдирүү жасоодон, техникалык деңгээлдеги жолугушуулардан эми лидерлердин сүйлөшүүсүнө өтүүнү" сунуштап, муну АКШ сунуш кылганын, Украина даяр экенин, эми Орусиянын даярдыгы зарыл болуп жатканын 1-августта Telegram каналына жазды.
28-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Путинден "аябай көңүлү калганын" айтып, Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жөндөп баштоого эки апта мурда берген 50 күндүк мөөнөтүн кыскартып, 10-12 күн деген шарт коюп жатканын жарыялаган.
Кремль Трамптын бул айтканы "эске алынарын" гана билдирип, башка комментарий берген эмес.
31-июлга караган түнү украин борбор калаасы Орусиянын жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылып, кеминде 31 тургунунан ажыраган, жараат алгандар 159га жеткени, набыт болгондор арасында өспүрүмдөр жана наристелер, ымыркайлар бар экени кабарланган.
Орусия коңшусу Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери согуш токтой элек. Трамп президенттик шайлоо өнөктүгү маалында бул согушту дароо токтото аларын убада кылган. Ал Орусияга "Украинаны мыкты куралдантам" деп, ал эми Украинага "Курал бербей коем" деген шарт коёрун, ошондо эки тарап тең тынчып каларын айткан. (RK)
Шерине