Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

"Крокус" соту: Күмөндүү тергөө, кыйноо жана мигранттарды жектөө


"Крокус-Ситидеги" теракт боюнча айыпталуучулар, 19-август, 2024-жыл
"Крокус-Ситидеги" теракт боюнча айыпталуучулар, 19-август, 2024-жыл

Орусиянын тарыхындагы эң кандуу теракттын бири саналган "Крокус-Сити Холл" окуясы боюнча тергөө аяктады. Бул терактты жасаган деп төрт киши, аларга көмөктөшкөн деп дагы 15 адам айыпталууда. Бирок иштин жүрүшүндө кыйноолор, кысым жана калыс тергөөнүн жоктугу тууралуу дооматтар жаралууда.

Орусиянын Тергөө комитети 23-июнда териштирүү аяктаганын билдирген. Терактты ишке ашырган деп төрт, аларга көмөктөшкөн деген айып менен 15 киши сот жообуна тартылууда. Тергөөчүлөр чабуулдун артында «Ислам мамлекети-Хорасан» террордук уюм турат деп эсептегени менен, «украин изин» дагы деле табууга аракеттенишүүдө.

Негизги айыпталуучулар теги тажикстандык Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов. Аларды кол салуу болгондон кийин 24 сааттын ичинде кармашкан. Орусиянын телеканалдары сот залынан тарткан кадрларда алардын көгала болуп, кыйноого кабылганы даана көрүнгөн. Көп узабай телеграм-каналдар бир шектүүнүн кулагын кесип, өзүнө жедирген видеону чыгарышкан.

Колс алууга айыпталып жаткан тажикстандык 4 киши
Колс алууга айыпталып жаткан тажикстандык 4 киши

Расмий маалымат боюнча концерт алдында болгон кол салуудан 149 киши окко учкан, 600дөн көбү жабыркаган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. Чабуул Орусиянын азыркы тарыхында Бесландан кийинки эң кандуу теракт болуп калды.

"Терактты ишке ашыргандарга көмөктөшкөн" деген 15 кишинин арасында батирин ижарага бергендер да бар. 15 киши "террордук кол салуу, ага жардамдашуу, атайын борборлордо атайын даярдыктан, машыгуудан өткөн" деп күнөөлөнүүдө. Алардын катарында жогоруда аталган төрт кишинин бирине батирин ижарага берген, теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимов да айыпталууда.

«Эки уюштуруучу жана террордук уюмдун төрт мүчөсүнүн үстүнөн алдын ала тергөө уланууда. Тергөөнүн версиясы боюнча алардын бардыгы борбор азиялыктар, кылмыш «Орусиядагы саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында украин бийлигинин кызыкчылыгында пландалган жана ишке ашырылган», - деп билдирген 23-июнда Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко.

Тажик бийлигинин версиясына ылайык, айыпталуучулардын бири Далержон Мирзоевдин агасы Сирияда жихадчылардын катарында согушуп жүрүп, мерт кеткен.

«Озоди» радиосу Мухаммадсобир Файзовдун жакындары менен сүйлөшкөндө, алар баласы Кытайга барып билим алууга даярданып жатканын, акча табуу үчүн Орусияга барганын айтып беришкен. Апасы уулун "жок жерден айыпка жыгылды" деп ишенет.

Орусиялык саясатчы Геннадий Гудков терактты тергөөдө алешемдиктер көп деп эсептейт:

«Айыпталуучулар кыйноого, ур-токмокко, кысымга туш болуп, күнөөсүн моюнга алганын билебиз. Теракттын өзүндө да күмөн жаратуучу жагдайлар бар. "Ислам мамлекети" интернет аркылуу болбогон бир акчага туш келди адамдарды жалдап, анан алар куралды мыкты аткан, профессионалдуу адам өлтүргүч болуп чыга келди. Анан ошол кесипкөй киллерлер эски машинаны минип алып, Украина тарапка качат. Аларды дээрик 700 чакырымдан кийин колго түшүрүшөт".

Теракттан кийин мигранттарга кысым күчөдү. Орусия, 2025-жыл
Теракттан кийин мигранттарга кысым күчөдү. Орусия, 2025-жыл

"Крокус-Ситидеги" теракт Орусияда ксенофобиянын толкунуна түрткү берди. Парламент мигранттардын, алардын балдарын чектеген улам бир мыйзам кабыл алып жатат.

Укук коргоочу Каримжон Ёровдун айтымында, Орусия барган сайын кооптуу боло баштагандыктан тажик мигранттарынын көбү ал жактан кетип жатат:

"Адатта кыйноого кабылып, күнөөнү моюнга алууну сот тааныбайт. Орусияда андай ыкма иштей берет. Мен ал кишилерди жактаган жокмун, күнөөлүбү же жокпу билбейм. Бирок нормалдуу өлкөлөрдө кыйноого тыюу салынган. Кылмышка көмөктөшкөн деп соттолуп жаткандарчы. Алардын ордунда ким гана болмок эмес. Ыктымал террорчулар менен базардагы кафеде чогуу тамактангандар айыпталууда. Ооба, алар бири-бири менен учурашкан, бизде андай салт бар. Батирлерин ижарага бергендерге, машинесин сатканга күнөө тагылып жатат. Мээси ордунда адам кантип теракт жасасын деп машинасын сатсын?".

Укук коргоочу "Крокус Сити Холлдо" теракт болгон маалда абаны желдетүү системасы иштебегенин, эшиктер жабык турганын, кайтаруучулар жок болгонун айтып, эмне себептен имараттын ээси Агаларов жоопко тартылган эмес деген собол коет.

Ёров мигранттар маселесине кайтып, Орусияда келгилендерге мамиле такай начар болгонун, "Крокус болбосо да бийлик башка бир нерсе ойлоп тапмак" деп эсептейт.

"Азаттыктын" архивинен: Экстремисттик топтун торуна түшкөн борбор азиялыктар, 12-Апрель, 2024
Экстремисттик топтун торуна түшкөн борбор азиялыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:50 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG