Орус бийлиги лидерлерди, анти-лидерлерди аныктап табуу жана патриоттук сезимди арттыруу үчүн 10 миңдей өспүрүмдүн когнитивдик жөндөмүн текшерет. Долбоор «ар тараптан өнүккөн инсандарды тарбиялоону» көздөгөн «Биз бирге» аттуу федералдык программанын алкагында ишке ашырылмакчы.
Киев аза күтүүдө. 31-июлга караган түнү орус аскерлери украин баш калаасына жапырт чабуул коюп, 27 жерде турак-жайлар, оорукана, мектептер жарым-жартылай кыйраган. Куткаруучулар 31 кишинин сөөктөрүн урандылардын астынан алып чыгышты.
Дүйнөнүн улам бир жеринде тутанган согуштар менен куралдуу жаңжалдар авиаташуулардын картасын да бир топ өзгөрттү. Жер шарынын кээ бир региондорунда учактар сейрек кездешип калды.
Киевге жасалган соккудан 30дан ашуун киши набыт болду, арасында бир бала бардыгы кабарланды. Чабуулда 160тай адам жараат алды. Орусия Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев бутага алынганы тууралуу комментарий берген жок.
Британияда атайын кызматтын жашыруун маалыматы ачыкка чыгып кеткени миңдеген оогандыктын өмүрү коркунучка кептелди.
Британия Израил Газада ок атууну токтотпосо сентябрда палестин мамлекетин расмий тааный турганын эскертти. Бир нече күн мурун Париж ушундай эле кадамга барарын билдирген. Мындай чаралар Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу маалыматтар көбөйгөн маалда көрүлүп жатат.
Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди.
Украинанын Запорожье облусунда 29-июлда орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, дагы 43 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Украинада кытайлык эки кишинин тыңчылыкка айыпталып кармалышы Киевдин Бээжинге карата позициясы өзгөргөнүнөн кабар берет. Кытайдын Орусиянын согушун колдогонун көз жаздымда калтыруу барган сайын кыйын болгондой.
Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Анын алдында айрым мамлекеттердин, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын кысымына кабылган Израил палестин анклавынын үч жеринде тактикалык тыныгуу жарыялап, гуманитардык жардам үчүн коридор ачарын убада кылган.
Орусиянын тиешелүү органдары көп жыл бою YouTube видеоплатформасына дыкат байкоо салып келет. Хостинг көптөгөн орусиялыктар үчүн бейтарап маалымат алууга өбөлгө болуп келген. Соңку учурда блогерлер жана таасирдүү адамдар бул сайтты киреше табуунун булагына айландырган.
Дагы жүктөңүз