Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору он күнчө мурдараак атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу учурунда “коррупцияга тиешеси жоктугун” айткан айыл өкмөт башчысы кармалганын билдирди.
Region телеканалы жарыялаган видеодон көрүнүп тургандай, быйыл 22-июлда Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы объектилерди текшерип, жергиликтүү аткаминерлерден отчёт алган. Анын жүрүшүндө Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаевден “Коррупция кылбадыңбы? Жер сатпадыңбы?” деп сураган. Айыл өкмөт башчысы коррупциялык иштерге тиешеси жок экенин билдирип, “мыйзам бузуулар аныкталса, жоопкерчиликти тартууга даяр” экенин кеп кылган.
Мындан соң Ташиев “мурда ушундай эле жооп берген башка аткаминерди да текшергенде коррупциялык иштер аныкталганын” белгилеп, Жалал-Абаддагы айыл өкмөттөргө үлгү катары Бекибаевдин иши текшерилерин айткан.
УКМКдан билдиришкендей, текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Бекибаев Достук айыл өкмөтүндө (2019-2024-жылдары) орун басар, андан кийин айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган учурлардагы бир катар коррупциялык фактылар аныкталды.
“Өз учурунда А.Бекибаев Турак жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп туруп, муниципалдык жер тилкелерин өзүнө тиешелүү болгон (аффилирленген) жактарга жасалма аукциондор аркылуу арзандатылган баада сатканы аныкталган. Мисалы, базар баасы 3,8 млн сом турган 9620 чарчы метрлик жер тилкеси, аффилирленген жакка 209 700 сомго сатылган. Аянты 325 чарчы метр болгон жер тилкеси аффилирленген жакка 171 700 сомго сатылган. Ал эми 2019-жылы ал жердин базардагы баасы 438 миң сомду түзгөн. Ошондой эле жер боюнча кезек күткөндөрдүн тизмелерин аттап өтүп, бурмалоо жолдору менен жерге муктаж болгон тараптарга жер сатканы, ал үчүн сый акысын алып тургандыгы боюнча дагы бир топ фактылар аныкталды”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси – “Коррупция” боюнча козголгон кылмыш иши козголуп, А.Бекибаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Камчыбек Ташиев соңку бир-эки айдан бери өлкөнүн аймактарын кыдырып, жергиликтүү аткаминерлердин иштерин жана бюджеттик каражаттардын өздөштүрүлүшүн текшерип жатат. Токмок менен Ошто шаар мэринен тарта бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жыйын өтүп жаткан жерден камакка алынды. Кара-Балта менен Шопоков шаарларынын мэрлери да жемкордукка шектелип кармалышты.
Ташиев менен жолугушуунун жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев да суракка жеткирилип, кармалган. Кийин 2,9 млн сомдук чыгымды төлөп берип, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камактан бошотулган. (ErN)
Шерине