Бейшембинин таңында орусиялык дүрмөт тогузунчу кабаттагы батирине тийгенде 23 жаштагы Вероника уктап жаткан. Уранды арасында эсине келгенде эмне болгонун түшүнбөй калган.
"Эмне болуп жатканын өзүм да түшүнгөн жокмун. Нес болуп калдым. Эмне кыларды, кайда барарды билбей деңдароо боло түштүм. Бутумду көргөзгөндө такыр эле өзүмдү жоготуп койдум. Эмне болуп жатканын түшүнбөй, дүрбөлөңгө түшүп калдым".
Вероника ушу тапта Киевдеги ооруканада дарыланууда. Дарыгер тогузунчу кабаттан кулаган кыздын баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалганын, буту сынганын, эң негизгиси ата-энеси эмне болгонун билбей, чоң стресстен психикалык жактан шок болгонун айтат.
Кошунасы Верониканын атасы-энеси экөө тең ал түнү каза тапканын айтып отурду.
Ал жашаган үй, шаардагы дагы бир нече турак жай, башка жарандык имараттардай болуп жарым-жартылай кыйрап калды.
Бейшембиге караган түнү Орусия кошуна өлкөсүнө 300дөн ашуун дрон жана 8 Искандер-К канаттуу ракетасын жаадырган. Украинанын куралдуу күчтөрү 288 пилотсуз учак жана үч ракета атып түшүрүшкөнүн билдирген.
Жергиликтүү бийлик орусиялык дүрмөттөр башкалаадагы 27 жерге тийгенин маалымдаган.
Марина Кондратенко ошол жерлердин биринде орун алган үйдө жашайт. Ал 31-июлдун таңын мындайча сүрөттөп берди:
"Аба соккусун эскерткен сиреналар жаңырганда демейдегидей балдарды алып жертөлөгө түштүк. Анан кайтсаңар болот деген команда түшкөндө үйгө кайтып келдик, экинчи сиреналарды укпай калыптырбыз. Жарылуунун добушунан ойгонуп кеттик. Биз 8-кабатта жашайбыз, жарылуунун эпкининен бардыгы урап түштү. Балдарым үчүн коркуп кеттим, кичүүмдү калкалап калдым. Анан баш калкалоочу жерге чуркап чыктык".
Куткаруу, аман калгандарды издөө иштери 24 сааттан ашуун уланып, жума күнү эртең менен аяктады. Расмий маалыматка караганда, 31 киши каза болду, дээрлик 160 киши, алардын ичинде беш айлык ымыркай жараат алды.
Украин президенти Владимир Зеленский каза тапкандардын эң кенжеси эки жашар наристе экенин 1-августта Х социалдык тармагына жазды:
“Тилекке каршы, азыркы учурга карай 31 кишинин өлгөнү белгилүү болду. Алардын бешөө жашы жете элек балдар, эң кичинеси эки жашта болчу”.
Президент жабыркагандардын 16сы жеткинчектер деп кошумчалады.
Зеленскийдин айтымында, Киевге урулган дагы бир карасанатай сокку Москвага кошумча санкция салуу зарылдыгын көрсөттү.
Анын маалыматына ылайык, быйылкы июлда орус армиясы Украинага каршы 5000ден ашуун авиабомба, 3800ден көп "Шахед" дрондорун, дээрлик 260 түрдүү ракета, анын ичинде 128 баллистикалык ракета колдонду.
Киевдин мэри Виталий Кличко 1-августта аза күтүү жарыялады.
Жарандык жайларды бутага алганын танып келаткан Орусия бир нече айдан бери майдандан алыс орун алган украин шаар-кыштактарын аткылоону күчөттү.
Буга чейин согушту токтотуу багытында конкреттүү чара көрүү үчүн Москвага 10 күндүк мөөнөт берген АКШнын президенти Дональд Трамп бейшембиде Орусиянын Киевге жасаган кандуу соккусун “жийиркеничтүү” деп атады.
Америкалык лидер Вашингтон Москвага каршы санкция киргизүүнү пландаганын кошумчалап, бирок анын чоо-жайына токтолгон жок.
Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Израилдеги сапардан кийин Москвага жол тартарын билдирди.
Ал арада АКШнын БУУдагы жогорку өкүлү Жон Келли президент 8-августка чейин Украинада ок атууну токтотуу келишимине жетүүнү көздөгөнүн айтты.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү Украинадагы абалды талкууламакчы.
Ушул эле күнү Германия Киевге эки Patriot системасын жөнөтөрүн билдирди. Маалыматка караганда, Берлин Пентагон менен тиешелүү макулдашууга жетишкен.
Шерине