Орусияда 4-августта "Крокус Сити Холлдо" болгон былтыркы кандуу окуя боюнча соттук териштирүү башталууда. Террорчулукка айыпталып жаткандар 19 киши, алардын төртөө кылмыштын түздөн-түз аткаруучулары, калган 15и ошолорго көмөктөшкөн делгендер.
Кеминде 149 кишинин өмүрүн алган куралуу кол салууга байланыштуу тергөө, Би-Би-Си маалымдагандай, эки версияны караштырууда. Биринчиси— кылмышты "Ислам мамлекети Вилаят Хорасан" тобу, экинчиси — "Украинанын жогорку жетекчилигинин кызыкчылыгында" чет элдик атайын кызмат уюштурган.
Айыпталып жаткан негизги төрт кишинин баары жана калгандарынын көбү теги тажикстандык мигранттар.
Окуя 2024-жылы 22-мартта Москванын чет жакасындагы Красногорск шаарында болгон. Куралчан бир нече киши концерттик залга кирип барып, ок чыгарган, көп өтпөй ал жерде ири өрт тутанган. Кол салууну уюштурганын "Ислам мамлекети Вилаят Хорасан" деген топ айтып чыккан.
Кылмышка шектүүлөр теги тажикстандыктар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда борборазиялык, айрыкча Тажикстандан барган мигранттарга кысым күчөгөн.
Айыпталуучулар дароо кармалган, алардын бөгөт чарасын аныктоо үчүн сотко алып келишкенде баары орус күч кызматкерлеринин катуу ур-токмогуна кабылганы көрүнүп турган, бирөөнүн кулагын кесип салышканы айтылган. (RK)