Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бүгүн 4-августта окууга кабыл алуу өнөктүгүнүн кезектеги, төртүнчү туру башталды. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, каттоо автоматташтырылган "Абитуриент online" маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
6-августка чейин сынакка катышууну каалаган абитуриенттер каттоодон өтүшү керек, 7-августта окууга кабыл алууга сунушталуучулардын тизмеси илинет, ошол эле күнү саат 16га чейин алар окууга өтүү тууралуу өз чечимин тастыкташы зарыл болот.
Быйыл Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен окуу үчүн 10 миң грант бөлүнүүдө.
Кабыл алуу беш тур менен өтүүдө. Бешинчи тур 11-13-август күндөрү болот. Буга чейинки үч турда жогорку окуу жайларга 25 миң улан-кыз кабыл алынды. Алардын 6 миңден ашуунунун окуу акысы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. (RK)