Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзам күчүнө кирген соңку бир айдын ичинде машинесин камсыздагандар кескин өскөнүн билдирди.
Мекеме маалымдагандай, аталган мекеме быйыл жыл башынан бери жалпы 266 465 автоунаасы камсыздандырса, 38 345и 1-июлдан 28-июлга чейин полис алышкан.
“Бул көрсөткүч жарандардын мыйзамга баш ийүүсү жогорулап жатканын тастыктап турат”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынып баштамак. Декабрь айынын соңунда Министрлер кабинети бул мөөнөттү 1-июлга чейин жылдырган болчу. 1-июлда мыйзам күчүнө кирип, иштеп баштаган.
Июнь айынын аягында полис алууда кезек узарып, машинесин камсыздандыра албай жаткандар арасында талкуу күчөгөн. Башында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 1-сентябрга чейин узартылганын айтып, кийин Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны четке каккан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кийин бул боюнча түшүндүрмө берип, “мыйзам иштеп баштаганын, айып пул салса болорун, бирок инспекторлор көбүнчө айдоочуларга эскертүү берип жатканын” билдирген. Мекеме өкүлдөрү 1-сентябрга чейин “өткөөл убакыт” экенин тактап, андан соң айып пул салынарын ырасташкан.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 1 млн 762 миң унаа катталган. Мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу компанияларын кошкондо июлдун башына карата мунун 500 миңдейи атайын полис алганы маалым болгон. (ErN)