АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза мөөнөтү боюнча эскертме маалымат жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө кирүүгө уруксаты бар жарандарга визанын мөөнөтү боюнча эскертме жарыялады. Элчиликтин социалдык түйүндөрдөгү баракчасына 1-августта:

"Сиздин АКШнын аймагында жүрүүгө уруксат берилген мөөнөтүңүз визанын мөөнөтүнө эмес, I-94 формасында көрсөтүлгөн Admit Until Date датасы менен аныкталат. Бул датадан ашуу (overstay) эреже бузуу болуп эсептелет жана визанын жокко чыгарылышына, депортацияга жана келечекте виза алуунун бөгөттөлүшүнө алып келиши ыктымал", - деген маалымат жарыяланды.

Мөөнөт тууралуу АКШнын Бажы жана чек ара көзөмөл кызматынын расмий сайтынан билсе болору белгиленди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын быйыл май айында билдирген.

Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 11-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, визанын мөөнөтү боюнча маселени талкуулаган. (RK)

Дагы караңыз

Аялдар коопсуздугун талдаган алгачкы изилдөөгө даярдык башталдыОрусия Украинадагы согушта 121 507 кишисин жоготту "Апрель ТВ" телеканалынын YouTube баракчасы бөгөттөлдүЖер үчүн Соцфондго төлөнүүчү жаңы тариф сентябрга чейин токтотулду