"Апрель ТВ" телеканалынын YouTube баракчасы бөгөттөлдү

"Апрель ТВ" телеканалынын YouTube платформасындагы баракчасы иштебей турат. 2-августта ал жерден "Бул канал жеткиликтүү эмес" деген жазууну көрүүгө болот.

9-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Төлөндү Самаков "Апрель ТВны" жабуу чечимин чыгарган. Чечимде аталган редакциянын бардык социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын өчүрүү жана бөгөттөө талабы коюлган.

24-апрелде Октябрь райондук прокуратурасы "Апрель ТВга" каршы райондук сотко кайрылганы белгилүү болгон. Редакция өкүлдөрү бул тууралуу доо арыздын көчүрмөсүнөн билгенин, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тергөөгө чейинки териштирүү жүргүзүп, телеканалдын ишмердүүлүгүнөн деструктивдүү фактыларды аныктаганы жазылганын кабарлашкан. Арызда "коомдук коопсуздукту коргоо, укук бузуучу маалыматтардын жайылышын алдын алуу жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо" деген жүйө келтирилгени айтылган.

Сот ишинин башталышына Республикалык психиатрия жана наркология борборунун "телеканалдын алып баруучуларынын сарказмы, мимикасы бийликке болгон ишенимди жоготот" деген бүтүмү негиз болгон. Экспертизанын мындай жыйынтыгы коомдо кызуу талкууланган.

Соттук териштирүү учурунда лингвист Таалайбек Абдыкожоев телеканалдын материалдарынан башаламандыкка, зомбулукка жана кастыкка чакырыктарды көрө албаганын айткан. Ал журналисттердин ишинен өлкөдөгү окуялар тууралуу терс баа байкоого болорун, бирок ал мыйзам бузуу эмес экенин билдирген.

"Апрель ТВнын" Инстаграм баракчасы азыр ачык турат, бирок ал июндун соңунан бери жаңылына элек. 29-июндагы соңку билдирүүсүндө редакция соттун чечими 99% процент алардын пайдасына эмес болоруна көзү жетип турганы, бирок кандай болсо да аткарууга даяр экени жазылган. Фейсбуктагы баракча да июнь айынан бери жаңылана элек.

Телеканалды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы түптөп, каржылап да келген. (RK)

Дагы караңыз

Жер үчүн Соцфондго төлөнүүчү жаңы тариф сентябрга чейин токтотулдуОрусия өспүрүмдөр арасында лидерлер менен "анти-лидерлерди" аныктайт Кыргызстанда эт кымбат. Бааны ким көзөмөлдөйт? АКШ Казакстандан ташылган товарга 25% бажы төлөмүн киргизди