Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр
Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.
Чыгарылыштар
-
Август 01, 2025
Орусия: Патент менен иштеген мигранттар такси айдабайт
-
Июль 31, 2025
Айзиректи өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди
-
Июль 30, 2025
Ош: Мэрдин талабы, базардагы нааразылык
-
Июль 28, 2025
Ташовдун иши: Адвокат соттун чечимин арызданат
-
Июль 25, 2025
Париж Палестин мамлекетин тааныйт